Айдоочулук күбөлүк саткан интернет дүкөндүн ээси кармалды — сүрөт

Айдоочулук күбөлүк саткан интернет дүкөндүн ээси кармалды — сүрөт

Айдоочулук күбөлүк саткан интернет дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Мамлекеттик каттоо кызматында расмий катталган айдоочулук күбөлүк сатып жүрүүчү белгисиз жактар боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-пунктунун 2-бөлүмүндө (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.

19-сентябрда атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 2003-жылы туулган И.А. аттуу жаран аныкталап кармалган.

Ал алдамчылык аракеттер, атап айтканда, социалдык мессенджерлерде «TOPDARKNET» интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын даярдоо тууралуу кулактандырууларды таратуу менен алектенгенин айткан.

Ошону менен бирге акча каражаттар «О-Деньги» электрондук капчыгына түшүп, андан ары банктык картага чыгарылып турган.

Кароонун жүрүшүндө кармалган жак банктык картаны, ошондой эле «TOPDARKNET» интернет-дүкөнүнүн баракчаларына кошулган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.

Белгилей кетсек, И.А. аттуу жаран аталган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу жана ээси болгон, азыркы учурда ал Бишкек шаарынын ИИББнын
убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын кылмыштарынан жабыр тарткан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул интернет-дүкөндөн жабыр тарткан жарандарды Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына кайрылуусун суранабыз.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>