
17:15, 27.11.20
Сербиянын Белград шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокко Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасы да катышат.
Мелдеш 12-декабрдан 19-декабрга чейин өтөт.
Команданын курамы:
- Айсулуу Тыныбекова, 62 кг салмак категориясы;
- Айпери Медет кызы – 76 кг;
- Мээрим Жуманазарова – 68 кг;
- Нураида Анаркулова – 57 кг;
- Назира Марсбек кызы – 59 кг.
Спортчуларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп алып барат.
Алар спорттун олимпиадалык дирекциясынын эсебинен каржыланат.
Ага чейин спортчулар кечээ, 26-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында башталган машыгуу лагеринде болушат. Беш спортчу кыз Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында машыгат.