Айткандары өз абийринде! Өкмөт башчы Жанар Акаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды – видео

Айткандары өз абийринде! Өкмөт башчы Жанар Акаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды – видео

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Жанар Акаевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Белгилей кетсек, депутат Жанар Акаев парламенттин 20-майдагы жалпы жыйынында байланыш агенттиктегинин айланасындагы коррупция маселесин козгоп, бул ишке Абылгазиевдин катышы болушу мүмкүн экенин айткан.

Өкмөт башчы депутаттын айткнадарын такталбаган маалымат катары баалды.

«Менин дарегиме айтылагандардын баары имиш сөздөр. Менин аброюма, өкмөттүн дарегине сөздөр айтылды. Мунун бары Жанар Акаевдин өзүнүн абийиринде. Мамлекет убактылуу пайдаланууга берген жыштыкты бир компания экинчи компанияга сатып жатыптыр. Биз мунун туура эместигин айтып, мыйзам түрүндө чек коюшубуз керек дедик. Мен өкмөт башчы катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берип, текшерүү иши жүргүзүлүп жаткан.  Кийин «Ала ТВ» дагы убактылуу берилген жыштыкты  «Билайнга» сатып жатканы билинди. Мамлекеттик кызматкерлер аралашкан бул фактыларды Аскер прокуратурасы илитеп жатат. Менин бул жерде эч кандай күнөөм жок”, – деди өкмөт башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>