Айтматов проспектисинде кыйылган бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузула баштады

Айтматов проспектисинде кыйылган бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузула баштады

Бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисиндеги 1972-1975-жылдары тигилген эски бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузула баштады.

Мэрияга караштуу  ишканалардын кызматкерлери жаш көчөттөрдү алып келип, аларды отургузуу иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

Буга чейин муниципалитет биринчи этапта 160 түп бакты алмаштырууну пландап жатканын айткан (Ажыбек Баатыр көчөсүнөн Адинай паркына чейин).

Бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип,зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Көпчүлүк бак-дарактардын үстү куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч туудурары белгиленген.

Белгилей кетсек, Токойлорду изилдөө Илимий-өндүрүштүк борбору аталган аймакка актерек, липа, клен, каштан, акация жана псевдоакация  отургузууну сунуштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>