№39 жана №42 протоколго мажбурлап кол койдурулган — Айжигитов (видео)

№39 жана №42 протоколго мажбурлап кол койдурулган — Айжигитов (видео)

Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин №39 жана №42 протоколдорго Кыргызстан тарапты мажбурлап кол койдурган. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Ал №39 жана №42 протоколдор тууралуу сөз кылып, Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимовдун №42 протоколго кол коюлгандан кийин айткан сөзүнө көңүл бурду.

«Ал «№42 протоколдун талаптары аткарылып жаткан учурда, тынчтык сакталып турат» деп айтып жатат. Ушул эле сөзду 2021-жылы согуштан кийин №39 протоколго кол коюлганда айткан. Эми аны сөзмө-сөз кайталады. Согуштук агрессияга ачыктан-ачык коркутуу болууда. №39 жана №42 протоколдор мыйзамдуу эмес. Себеби аларга мажбурланып кол койдурулган. Толук кандуу согуш менен коркутуу жолу менен кол койдурулган», — деди Айжигитов.

Эскерте кетсек, аталган эки протоколго тең Кыргызстан тараптан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кол койгон. Эки протокол боюнча коомчулук тарабынан сындар айтылып келет. Бирок Камчыбек Ташиев ал протоколдордон Кыргызстан уттурбаганын билдирип келет.

№39 протоколго былтыр апрелде Тажикстан Кыргызстанга кол салгандан кийин кол коюлган. Анда камтылган айрым пункттар коомчулукка жарыя кылынган эмес. Бирок ал документте Кыргызстандын жери аркылуу Ворухка жол салынары жазылганы белгилүү. Бирок Камчыбек Ташиев ал жол эки тарап чек ара маселесин чечкенден кийин салынарын билдирген.

№42 протокол боюнча кыргыз-тажик чек арасында турган эки тараптын бирден чек ара тозоту жана үчтөн чек ара бекеттери алынат:

«Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);

«Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);

«Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);

«Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).

Аталган №42 протокол боюнча коомчулук сын-пикирин айтып, чек ара бекеттеринин алынышына каршы болушууда. Каршы болгондордун пикири боюнча, бул протоколдон Кыргызстан утулушта болууда. Чек ара бекеттеринин алынышы менен Тажикстан тарап тактала элек жерлерди карамагына өткөрүп алуу боюнча «сойломо» саясатын улантат. Андан тышкары аларда коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздануу болууда.

Бул протокол боюнча Камчыбек Ташиев өз оюн билдирип, документке кол коюуда Ак-Сай элинин активисттери менен сүйлөшүлүп чечим кабыл алынганын, башкы максат конфликтти мындан ары болтурбай кармап туруу болгонун билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын бир сантиметр жери да Тажикстанга берилбей турганын белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>