Бишкек шаарынын «Ак-Өргө» конушунда жоголгон 6 жашар бала табылды.. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-августта «Ак-Өргө» конушунун жашоочусу 6 жашар баласы жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө конуштагы магазиндердин биринин жанынан бала аман соо табылып, ата-энесине өткөрүп берилген