Ошто автоунаа каналга түшүп кетип, айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-ноябрда Ош шаарынын Тилеке Баатыр көчөсүндө “Опель Астра” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Ак-Буура каналына түшүп кеткен. Кырсыктын натыйжасында 29 жаштагы айдоочусу жабыркаган.
Ал “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген.