Акаев: УКМК саясатчыларды тыңшаганыңарды токтоткула

Акаев: УКМК саясатчыларды тыңшаганыңарды токтоткула

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Жанар Акаев Улуттук коопсуздук кызматын саясатчылардын телефонун тыңшаганын токтотууга чакырды.

“Эгерде күч органдары саясатчыларды, блогерлерди, активисттердин жолугушууларын аңдып отурсаңар, бири-бирибиз менен жолуккандан коркуп калган заманга келебизби?  Былтыр мен коңшу өлкөлөрдүн бирине баргам, кофекана жок экен. Анткени, булар чогулду бир нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатат деп кофеканага барган кишилерден күмөн кылат экен, биз ошого барабызбы?  Биздин оюбуз ак, эмнени ойлосок, президентпи, министрби бул трибунадан ачык айтабыз. Күч органдары саясатчыларды аңдыганды жумуш деп ойлошот экен. Терроризм, чек ара, сырткы коопсуздук ж.б. толгон токой проблемма турса, аңдыганыңарды токтотпой койдуңар ” деди эл өкүлү.

Ошондой эле биз бири-бирибиз менен сүйлөшөбүзбү деп суроо салып, саясатты жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүдөн коркпойбуз деп агынан жарылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>