АКШ президенти Дональд Трамп Канада менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотту

АКШ президенти Дональд Трамп Канада менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотту

АКШ Президенти Дональд Трамп жума күнү кечинде Канада менен бардык соода боюнча сүйлөшүүлөрүн токтотконун жарыялады. Буга Оттаванын санариптик кызматтарга салыгын киргизиши себеп болгон.

Трамптын айтымында, бул салык АКШнын технологиялык компанияларына каршы түз жана орой чабуул болуп саналат. Ал Канаданын бул кадамын Евробиримдиктин саясатына окшош деп баалап, учурда ушундай эле салык механизми Европада да талкууланып жатканын белгиледи.

Америка президенти Вашингтон жакынкы күндөрү Канадага АКШ менен соода жүргүзүүдөгү бажы төлөмдөрүнүн жаңы шарттары тууралуу расмий билдирүү жөнөтөрүн кошумчалады.

Канаданын премьер-министри өз кезегинде, Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтарып:

«Канада АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантат. Биз канадалыктардын кызыкчылыгын коргоо үчүн оңой эмес, бирок керектүү сүйлөшүүлөргө даярбыз», — деп билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>