Кыргызстанда 2000-жылы туулган А уулу Б. Аттуу жараны АКШда дайынсыз болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дайынсыз жоголгон жарандын жакындарынан кайрылуу түшкөндөн кийин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги анын жүргөн жерин аныктоо иштерин баштады.
Учурда АКШнын компетенттүү органдары, ошондой эле Виржиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен бул боюнча иш алып барууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз