Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
АКШда Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды
05.02.2026 | 12:21

АКШда 2023-жылдан бери Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн 47 жаштагы Ы.М. аттуу жаран кармалды. ИИМдин маалыматында, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айыпталган.
Кармалган жаран мунайзаттарды сатуу менен алектенген уюмдун жетекчиси А.Ч. менен алдын ала сүйлөшүп, 1536,51 тонна күйүүчү майды уурдоого катышкан. Бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке 51 млн 780 миң 387 сом материалдык зыян келтирилген.
Учурда кармалган жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. Министрлик билдиргендей, бүгүнкү күндө АКШнын убактылуу кармоочу жайларында издөөдө жүргөн 8 кыргыз жараны экстрадициялоо жол-жобосунан өтүүдө. Алардын ичинен үчөө буга чейин өлкөгө алынып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар