АКШда учуп бараткан Boeing учагынын кыймылдаткычы күйүп кеткен

АКШда учуп бараткан Boeing учагынын кыймылдаткычы күйүп кеткен

АКШда Boeing 767 учагы учуп бара жатканда сол кыймылдаткычы өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу америкалык ABC7 басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Дельта авиакомпаниясына таандык учак Лос-Анжелестен Атланта шаарына учуп чыккан. Учакта экипаждын 9 мүчөсү жана 226 жүргүнчү болгон.

Учкучтар өрттү көргөндө учакты кайра буруп, аэропортко кондурушкан. Бардык жүргүнчүлөр учактан аман-эсен чыгарылган. Delta компаниясы жүргүнчүлөрдү Атлантага башка рейс менен жеткиришкенин билдирди.

Азыркы учурда териштирүү жүрүп жатканы айтылды.

Тэги: АКШ учак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>