АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин эмгек жамааты кыргызча жаңылмач айтып, Кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил майрамы менен куттукташты.
Куттуктоонун видеосу элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылды.
Видеодон чет элдиктердин кыргыз тилиндеги жаңылмачтарды жаңылбай айтууга аракет кылганын көрүүгө болот.
Тасманын аягында элчи Дональд Лу жаңылмач айтып, андан соң жалпы кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт.