АКШнын мамлекеттик катчысы 2026-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө бара тургандыгын билдирди

06.11.2025 | 15:23

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 2026-жылы Борбор Азиянын беш өлкөсүнө барууну пландаштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал ресурстарга бай аймак менен кызматташтыкты чыңдоого багытталган Трамп администрациясынын демилгесинин алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушууларды өткөрөт.

Рубио өз билдирүүсүндө КШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыктары сөз табигый ресурстарды биргелешип пайдалануу маселесинде дал келерин айткан.

“Жеке өзүм келерки жылы бул өлкөгө келүүнү пландап жатам. Бардыгына, бешөөнө тең. Бул, балким, бир жумага созулган сапар болот. Ошондуктан биз бул боюнча чогуу иштешибиз керек”,- деген ал.

Эске салсак, бүгүн, 6-ноябрда, АКШнын президенти Дональд Трамп  “С5+1” форматынын алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери менен жолугушат. Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 5-ноябрда, Вашингтонго жумушчу сапар учуп барган. Президенттин басма сөз кызматы бул жолугушуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталганын билдирди.

Ал эми Reuters агенттиги жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сейрек кездешүүчү металлдар жана башка жаратылыш ресурстары боюнча маселелер талкууланышы күтүлүп жатканын жазды.

Scroll to Top