Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 17 жаштагы өспүрүм сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында 14-июнь күнү 2003-жылы төрөлгөн өспүрүм Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аны издөөгө ӨКМнын 15 куткаруучусу тартылып, бирок караңгы кирип кеткенине байланыштуу куткаруучулар аракеттерин токтоткон.
Бүгүн, 15-июнда да издөө иштери улантылууда.
Сүрөт: sputnik.kg