Аксы районунун тургунун талаага алып барып сабаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Бул факты ишкерлерге кысым көрсөтүүгө байланыштуу болгондуктан Жазык кодексиндеги (“Бейбаштык”) беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кылмышка шектүүлөр 30-июнь Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан колго түшкөн. Алардын бири Аксы районунун 37 жаштагы тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катоодо турган “положенец” криминалдык макамга ээ адам болгон. Экинчиси Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 29 жаштагы тургун болгон.
Шектүүлөр Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.