Аксыда үч милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды
Аксы районунда үч милиция кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу 30-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы РИИБнин Жаңы-Жол ички иштер бөлүмүнүн аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы — милициянын капитаны, ошондой эле эки участкалык инспектор — милициянын улук лейтенанттары арыз ээсинин үйүнө мыйзамсыз кирип, каттоосу жок аңчылык мылтыгын тартып алышкан. Андан соң куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, үй ээсинен 30 миң сом өлчөмүндө пара алышкан.
Пара талап кылуу улана бергендиктен, жаран УКМКга кайрылган. Натыйжада, аталган кызматкерлер арыз ээсинен кезектеги 20 миң сомду алып жаткан учурда кармалды. Ошол эле учурда милиция бөлүмүнүн башчысынын жашаган жайын тинтүү учурунда мурда алынган ок атуучу куралдар табылган.
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.