Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришинче Активист Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
5-6-октябрдагы окуялардан кийин Талас облусундагы Өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев кызматын таштап кеткен. Анын ордуна эл тарабынан дайындалганын айтып Нуркан Токторбаев атуу адам отуруп алган. Кийин Марат Мураталиев кызматына кайра кайтып келген.