Site icon Reporter.kg

Активист Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды — видео

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык сотунда активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык соттун чечими менен активист камакта калтырылды. Буга чейин 16-августта Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version