Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ маселеси боюнча базардагы соодагерлер менен жолугуп, сунуштарын укту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-июнда Акылбек Жапаров “Дордой Фуд” азык-түлүк базарына барды. Ал ишкерлер менен баарлашып, алардын көзөмөл-кассалык аппарат маселеси боюнча сунуштарын укту.