Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм жиберилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Кырсык катталган аймактар:
- Ош шаарында – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 1.
Сутка ичинде катталган ири өрт кырсыктар:
- Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, аянты 46 чарчы метр болгон эки бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн;
- Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Алыш айылында турак үйдүн 120 чарчы метр болгон 3 бөлмөсү толук күйгөн;
- Талас шаарындагы Ырысалиев көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач полу жана шыбы күйгөн;
- Токмок шаарынын Садаев көчөсүндө барак түрүндө салынган турак үйдүн батиринин 8 чарчы метр от жагуучу бөлмөсү толук күйгөн.