Акыркы суткада 9 медкызматкерден вирус тастыкталды. Анын 8и Ысык-Көлдөн

Акыркы суткада 9 медкызматкерден вирус тастыкталды. Анын 8и Ысык-Көлдөн

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

  • Бишкек ш. – 1
  • Ысык-Көл облусунда – 8.

Ал эми бир суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ошондой эле үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып ишке кайтып келди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 миң 145 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 533 медкызматкер айыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>