Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» эс алуу паркында чыккан өрттү өчүрүү үчүн 332 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин бсама сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өрт тууралуу маалымат 31-август күнү саат 14:55те түшкөн.
Куткаруучулардын арасында ӨКМдин, Токой чарбасынын кызматкерлери, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана жай тургундар бар.
Кошумча маалымат берилет.