Ала-Арча суусуна кулаган адам куткарылды

Ала-Арча суусуна кулаган адам куткарылды

Бишкек шаарында Ала-Арча суусуна кулап түшкөн адамды куткаруучулар алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрь күнү саат 14:25те Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндө Ала-Арча суусуна 1991-жылы туулган киши кулап түшкөн. Ал жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, куткаруучулары жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>