“Ала-Тоо Резорт” Борбор Азиянын туризм рыногунда лидер боло алабы?

“Ала-Тоо Резорт”  Борбор Азиянын туризм рыногунда лидер боло алабы?

Кыргызстан Борбор Азияда туризмди экономикадагы негизги багыттардын бирине айлантуу аракетин күчөттү.  2020-жылдан тарта туризмди экономикадагы локомотив тармактардын бири катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет. Анын эң амбициялуу мисалы — Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт”туристтик кластери. Бул долбоор расмий түрдө дээрлик  500 гектар аймакты камтыйт жана 3 миңге жакын адамды иш менен камсыз кылат деп пландалууда. Бирок бул масштабдуу идея канчалык деңгээлде ишке ашат? Аны реалдуу баалоо үчүн “Reporter.kg” басылмасы үч негизги багытта талдоо жүргүзөт.  Бул ирет анын артыкчылыктарын жана тобокелдиктерине,  инфраструктуралык даярдыгына жана инвесторлор үчүн шарттарына сересеп салып көрөлү.

2025-жылдын 15–18-июлунда 49 лот боюнча жер тилкелери аукционго чыгарылып, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор чакырылды. 

Аукциондо сатууга коюлган 49 жер тилкесине:

• 3–5 жылдыздуу мейманканалар

• VIP коттедждер

• Таунхаустар, ресторандар, SPA комплекстер каралган.

Ал эми кечээ,  «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин алкагында «Жыргалаң» курортун куруу боюнча алгачкы аукцион өтүп, анда аукциондо сатылган жер тилкелеринин баасы 4 млн 876 миң сомдон 337 млн 363 миң сомго чейин жетти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылындагы «Ала-Тоо Резорт» курорту Борбордук Азиядагы эң ири лыжа кластерин түзүү долбоорун камтыйт. Анын курамына үч негизги курорт – Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук кирет. Учурда жылына 2 миллионго жакын туристти кабыл алууга ылайыкташтырылып жаткан ири комплекстин 3Д форматындагы эскизи толук даярдалды. Долбоордун курулушунун ар бир этабы жана башкы пландык корректурасы Шаар куруу жана архитектура департаменти жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүүдө.

Жыргалаң 120 чакырым лыжа аянтчалары, үч, төрт жана беш жылдыздуу конок үйлөрү, коттедждери, глампинг, курорттук комплекси, этникалык айылы жана конференц-залдары менен эң ири курорт болот.

Ал эми, Ак-Булакта 80 чакырым лыжа тебүүчү аянтчалар, үч жана төрт жылдыздуу мейманканалар, батирлер, жатаканалар, маданий иш-чараларды өткөрүү жайы, стадион, окуу корпусу, фрирайд борбору, ресторан, зиплайн, альп борбору жана амфитеатр болот.

Ошондой эле Боз-Учук айылында 50 чакырым лыжа аянтчалары, үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканалар, батирлер, медициналык пункт, курорттук комплекс, балдар аянтчалары, ат майдан, ресторан жана бутиктер курулат.

Мындан тышкары, 4 миң унаа токтотуучу жайы, эс алуучу жайлардын ортосундагы жаңы жолдор жана туристтердин ыңгайлуулугу үчүн өнүккөн инфраструктураны түзүүнү пландалууда. Курорт табигый карды жана карды кармоо тутумунун аркасында жыл бою иштейт жана лыжа сезону жылына жети айга чейин созулат.

Белгилүү болгондой, курулуш  иштери эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык, жаратылышка минималдуу таасири менен жүргүзүлүүдө.


2025-жылдын 14-июлунда Президент Садыр Жапаров
жумушчу кеңешме өткөрүп, долбоордун биринчи баскычына байланыштуу бардык министрликтердин отчетун укту. Бул — “Ала-Тоо Резорт” саясий деңгээлде стратегиялык долбоор катары кабыл алынганын тастыктайт. Президент жеке өзү процессти көзөмөлдөп, инфратүзүм иштери, энергия менен жабдуу, жол куруу жана инвестициялык иш-аракеттерди түз багыттап жатат.

Президенттин кеңешмесинде белгиленгендей, биринчи асма жол 2026-жылдын жайындаишке кириши керек. Бул — лыжа туризминин өзөгүн түзөт. Убакыттык мөөнөттөрдүн так аныкталышы — ишеним жараткан көрсөткүч.

“Ала-Тоо Резорттун” артыкчылыктары жана тобокелдиктери: Географиялык жайгашуусуна токсолсок, “Ала-Тоо Резорт” Бишкектен өтө алыс эмес жайгашып, логистикалык жактан ыңгайлуу. Анын эларалык аэропортко жакын жацгашуусу да артыкчылык жаратат. Себеби Ысык-Көл облусунда эл аралык аэропорттор бар. Бул Ташкент, Алматы, Астана жана башка борбор шаарлардан 1 сааттык уча турчу аралыкта жайгашкан кластер, Борбор Азиядагы туристтерди тартууга реалдуу мүмкүнчүлүк берет.Ошондой эле жайында ысык, кышында туруктуу кар түшпөгөн мезгилдер болушу ыктымал. Бул лыжа жана кышкы спорт багытында ишке тоскоол жаратышы мүмкүн. Бул маселелер алдын-ала ойлонулуп, бул жаатта карды сактоо мүмкүнчүлүгү каралган. Тоо-лыжа курорту катары эле эмес, жайында этно-туризм, медициналык SPA жана гастрономиялык туризм аркылуу жыл бою иштеген модель түзүлүүдө. Бул кирешенин туруктуулугун камсыздайт.

Инфраструктуралык даярдык: Бишкек—Кант жолундагы автоунаа трафигинин жыштыгы жана жол сапаты — туристтик кластерге жетүүнү жайлатат. Долбоор толук ийгиликтүү болуш үчүн жаңы транспорт коридорлорун жана логистика түйүндөрүн түзүү талап кылынат. Бул жаатта маселелер чечилип, жолдор салынып жатканына жалпы журт күбө.

Энергетика жана суу ресурстары: Бул масштабдагы долбоор туруктуу энергия жана таза суу менен камсыз болбосо, сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүн эмес. Аймактагы азыркы ресурстар — жеке ишканалардын жана чакан турак жайлардын керектөөсүнө ылайык гана түзүлгөн. Мындан улам учурда Энергетика министрлиги аталган долбоорго электр энергиясын тартуу иштерин кызуу жүргүзүүдө.  Энергетика министри жана транспорт министрлигинин катышуусу менен жүргүзүлгөн пландар — объектти туруктуу электр жана жол менен камсыз кылуу маселеси жогорку деңгээлде чечиле турганын билдирет.

Туристтик кадрлар: Кыргызстанда туризм багытындагы кесиптик даярдык азырынча жетишсиз. Жогорку класстагы тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн кадрлар чет өлкөдөн тартылышы мүмкүн — бул болсо чыгымдарды жогорулатат.

Инвесторлор үчүн канчалык пайдалуу? Жер тилкеси, инфраструктура, салыктан жеңилдик сыяктуу шарттар сунушталууда. “Ала-Тоо Резорт” – Эркин экономикалык зона статусуна жакын долбоор болушу мүмкүн, бул кошумча жеңилдиктерди алып келет.

Борбордук Азиядагы эбегейсиз потенциалдуу рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Ачык жана мамлекеттик деңгээлдеги аукцион — коррупциялык тобокелдиктерди азайтат. Жер тилкелеринин ачыктыгы жана категориялар боюнча бөлүштүрүлүшү — бизнес-пландарды так түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Президент ачык белгилегендей, долбоор үзгүлтүксүз каржыланып, бардык ведомстволордун иши бир багытта жүрмөкчү.

Эгер чын эле мамлекеттик колдоо стратегиялык деңгээлде улантылып, жол, энергия, кадр жана укуктук кепилдик маселелери системалуу чечилсе, “Ала-Тоо Резорт” 2030-жылга чейин Борбор Азиядагы эң ири туризм хабдарынын бирине айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Башкача айтканда,  эл аралык масштабдагы туристтик кластерге айлануу потенциалы бар реалдуу долбоор. Президенттин жеке көзөмөлү, министрликтердин түз катышуусу, жана инфраструктуралык пландардын ачык-айкын айтылышы бул долбоордун ишке ашуу ыктымалдыгын кыйла жогорулатат.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>