Бүгүн, 6-майда саат 14:08де Ош облусунун Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Силкинүүнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, күчү 5 баллга жеткен.
Титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.