Бир жарым ай мурун Аламүдүн суусуна аккан 26 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-август күнү Теплые Ключи эс алуу жайында 26 жаштагы кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып, 40 күнгө созулган издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 26-сентябрь күнү 14:40 чамасында табылган. Кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
[su_image_carousel source=»media: 41837,41838″ crop=»none» autoplay=»4″]