Аламүдүндө автоунаа ала салып 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак эс алуу жайына бара жаткан жолдо “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылган. Анда автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 6 адам ар кандай жаракат алышкан.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көргөзүп “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.