Аламүдүндө эки жигитти сабап кеткен шектүүлөр колго түштү

Аламүдүндө эки жигитти сабап кеткен шектүүлөр колго түштү

Интернет айдыңына дүкөндөн чыгып келе жаткан эки жигитти бир адам ур-токмокко алган видео тараган.

Анда бул видео Аламүдүн районуна караштуу “Төмөнкү – Ала –Арча” айылындагы “Шекер” дүкөнүнүн алдында болгону айтылат.

Токмок жеген 19 жаштагы Ж.А. менен А.У. милиция кызматкерлерине 20-декабрда кайрылган. Алардын айтымында, айылдагы дүкөндүн жанында түн ичинде токмок жешкен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, бул факт бейбашчылык болуп катталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 49 жаштагы О.К. жана 23 жаштагы О.М. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>