Чүйдүн облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылында жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Маалыматты облустук жол коопсузук кызматынын өкүлү Тимур Миршакиров тастыктады.
Анын айтымында, окуя 4-май күнү күндүзгү саат 12лер чамасында болгон.
Миршакиров ошондой эле кырсыктан жабыркагандар бар экендигин айтып, толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады.