Алимент төлөбөй качкандардын электрондук базасы түзүлүп, сүрөттөрү сайтка илинет

Алимент төлөбөй качкандардын электрондук базасы түзүлүп, сүрөттөрү сайтка илинет

Алименттик милдеттенмелер боюнча айрым маселелерин жөнгө салуу жолу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Тактап айтканда, алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор тууралуу маалыматтарды камтыган электрондук базаны түзүү жана иштетүү каралган. Издөөдө жүргөн карызкорду тапкан учурда сот аткаруучусу доогердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде карызкордун сүрөтүн жана карыз жөнүндөгү маалыматты мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасында жайгаштырат.

Карызды толугу менен төлөп бүткөндөн кийин же аткаруу өндүрүшү токтогон соң сот аткаруучусунун демилгеси менен карызкор тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасынан алынып салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>