Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өз баласын атайлап өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот документтерине ылайык, Расулбек Ташпулатов 2017-жылы үйлөнүп, 2019-жылы апрелде баласы өзүнүкү экенинен күмөн санап, ажырашып кеткен.
Сот чечими боюнча Расулбек Ташпулатов уулу үч жашка чыкканга чейин кирешесинин 70% алимент иретинде төлөөгө милдеттүү болгон. 8-июлда ал баланы уурдап кетип, Түндүк Фергана каналына ыргытып жиберген. Ал бала чөгүп кеткенге чейин карап турган.