Алматы шаарынын жашоочуларына эс алуу үчүн тоолорго топтошуп чыгууга, экскурсия өткөрүүгө тыюу салынды. Шаардагы коомдук тамактануу жайлары үстү ачык жерде, кечки саат 22:00гө чейин гана кызмат көрсөтөт. Орундуктардын саны 30дан ашпоого тийиш.
Алматыдагы парктарга, Медеу, Бутаковка, Алма-Арасан сыяктуу белгилүү туристтик жайларга транспорт менен барууга болбойт.
Дем алыш күндөрү улуттук парктар жабылат. Жумуш күндөрү гана жөө сейилдөөгө уруксат берилет.
Казакстан бийлиги 5-июнда кайрадан карантин жарыялап, чектөөлөрдү 2-августка чейин узарткан.
Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө вирус жуктуруп алган кишилердин саны 72 миңге чукулдады, 585 адам көз жумду. Жыл башынан бери өлкөдө пневмониядан 3 327 киши каза болгон. Алардын 1555и июлдун биринчи жарымында өлгөн. Казак бийлиги 1-августтан тартып коронавируска кабылгандар менен өпкөсү кагынгандардын статистикасы кошулуп эсептеле баштай турганын билдирген.