Алтынбек Сулайманов: “Бир Болдо” эски системаны өзгөртө турчу жаратман жаштар чогулду” — видео

Алтынбек Сулайманов: “Бир Болдо” эски системаны өзгөртө турчу жаратман жаштар чогулду” — видео

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов үгүт кербенинин алкагында эски системаны улантып, гүлдөтөбүз дегендер жаңылышарын белгиледи.

“Учурда бул системаны өзгөртө турчу жаратман жаштар бар. Мына ушул жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөрдү, өзүнүн тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам. Мамлекетибизге өзгөрүүлөрдү жаңы жүздөр киргизерине мен толук ишенем жана көзүм жетет”, — деди А.Сулайманов.

“Бир Бол” партиясынын лидери жаңы, жаратман жүздөрдү көптөгөн тоскоолдуктар күтүп турганын дагы кошумчалады.

“Ал тоскоолдуктарды басып өтүшүбүз керек. Мен талапкерлерге белди бекем бууп, башты көтөргүлө деп айтмакчымын. Себеби жаштардын артында биз ишенген жалпы 6 миллион элибиз турат. Жеңиш биз жакта болот! Алдыда элибизди чоң тандоо күтүп турат. Ал тандоодо түрдүү партиялар шайлоого катышууда. Партиялардын ичинде кошоматчылар, саткындар, чыккынчылар, уурулар дагы бар. Мен сиздерди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, деңгээл, билим революциясына чакырам”, – деп сөзүн жыйынтыктады Алтынбек Сулайманов.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>