Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча экинчи орунда турган Жерүй кени жарым кылымдан бери иштетилбей келген. Анын себеби, инвесторлор менен мамлекеттин ортосундагы келишимдин туруксуз жана ыңгайсыздыгы, айрым саясий кийлигишүүлөр болгон.
2015-жылы Кыргыз Өкмөтү жаңы эл аралык стандарттагы келишимди иштеп чыгып тендер жарыялаган. Бир нече компаниянын ичинен Жерүйдү иштетүүгө лицензияны аукциондо “Восток-геолодобыча” – “Русская платина” туунду компаниясынын алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” ЖЧКсы утуп алган. Бул компания кубаттулугу, кенди иштептип кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон жана Кыргыз Өкмөтүнүн шарттарын аткарууга макул болду. Бүгүнкү күндө толук кандуу келишим аткарылууда. Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков Жерүй кенин иштетип жаткан компанияга кандай талап, шарттар коюлса ал аткарылып жатат деп эсептейт.
“Бүгүнкү маселени туура кабыл алышыбыз керек. Бул компанияны күнөөлөгөнүбүз канчалык деңгээлде туура же туура эмес? Себеби, ошол учурда өзүбүздүн өкмөтүбүз, бийлигибиз ошондой жобону, ошондой шартты түздү. Булардын алдына коюп берди да. Булар ошол шартты аткарды. Мүмкүн эгер ошол кезде Кыргызстандын үлүшү пайызы мынча болушу керек десе, катышып жеңип алса бүгүнкү күндө да ошол маселе туура болмок. Эгерде силер өтө оор шартты койдуңар деп катышпай койсо, мүмкүн бул кен иштебей тура бермек” — дейт Камчыбеков.
Кыргызстан буга чейин бардык алтын кендерден үлүш аркылуу пайда көрүү жолун тандап, келишим түзүп келген. Бирок, үлүш келишими Кумтөр баш болгон кендерди эске алганда мамлекетке пайдасы аз экени аныкталды. Мисалы, Макмал алтын кенинен мамлекеттин 30 % үлүшү бар. Бирок, ар кандай чыгашалардан улам эмдигиче мамлекетке ал үлүштөн пайда түшө элек. Эгер тоо кен боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбековдун айтканына таянсак кенди иштеткен компанияга пайда түшөбү же жокбу жалпы киреше аркылуу келишимде көрсөтүлгөндөй казылган алтындын пайызы мамлекетке которулуп турат.