“Антициклон-2025”: Коопсуздук, экономикалык өнүгүү, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү талкууланды

“Антициклон-2025”: Коопсуздук, экономикалык өнүгүү, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү талкууланды

Воронежде 18 өлкөдөн келген делегаттардын башын бириктирген “Антициклон-2025” эл аралык масштабдуу форуму өттү. Алардын арасында Кыргызстандын өкүлү “Reporter.kg” басылмасынын башкы редактору Эльвира Сатыбекова да катышты.

Форумдун ачылышында Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев бардык делегаттарды жылуу кабыл алып, эл аралык диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, Кыргызстандан өкүлдөрдүн катышуусу өзгөчө баалуу – өлкө Борбордук Азиянын регионалдык саясатында жана экономикасында маанилүү орунду ээлейт.

«Кыргызстан биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Эки өлкөнүн башкы командачылары эзелтеден бери достук мамиледе жана бул достуктун натыйжалары көрүнүп турат. Биз анын аймактын өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалайбыз жана маалыматтык технологиялар, билим берүү жана маданий алмашуу тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө ишенебиз», — деди губернатор Александр Гусев.

Эки күндүн ичинде катышуучулар глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди: коопсуздук, экономикалык өнүгүү, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле аймактар ​​аралык кызматташууну талкуулашат. Катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана кесиптик тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>