Жай мезгилинде күндүн аптаптуу ысыгы адам организмине чоң стресс жаратат. Дени сак адамдар да ысык аба ырайында өзүн начар сезип калышы мүмкүн. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары барлар, кант диабети, бронхит, астма сыяктуу өнөкөт дарттар менен жабыркагандар үчүн бул мезгил өтө кооптуу болуп саналат. Медиктер ысыкта мындай оорулар курчуй турганын эскертишет.
Кыргызгидрометтин маалыматына таянсак, июль айынын башында абанын температурасы 41 градуска чейин көтөрүлүп, аномалдуу ысык болуп жатат. Мындай аба ырайында өзгөчө этият болуу талап кылынат. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги да дени сак адам мындай ысыкка чыдабай каларын эскертип,элге атайын сунуштарды берип келет.
Ал эми дарыгерлердин айтымында, аптаптуу күндөрдө жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандардын 50%, астма менен ооруган адамдардын 30%, ал эми бронхитке чалдыккандардын10–12% эски оорулары күчөйт.
Маанилүү кеңештер
1. Күндүн ысык маалында сыртка чыкпаңыз
· Саат 11:00дөн 17:00гө чейин күндүн түз нурунан алыс болуңуз;
· Мүмкүн болушунча көлөкөдө болуңуз же кондиционерленген жайда убакыт өткөрүңүз;
Туура кийим тандаңыз
· Табигый кездемеден тигилген, ачык түстөгү, кенен кийим кийиңиз;
· Синтетикалык кийимдер тери ооруларын пайда кылышы мүмкүн;
· Баш кийим сөзсүз кийиңиз.
• Суюктук көп ичүү зарыл· Күнүнө 2,5-3 литр суюктук ичүү сунушталат;
· Ичүүчү суюктук: бөлмө температурасындагы кайнатылган суу, газсыз минералдык суу, лимон кошулган жашыл же кара чай;
· Муздак суу же сода, алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз.
Гигиенаны сактаңыз
· Колду самын менен тез-тез жууп туруңуз;
· Жемиш-жашылчаларды жакшылап жууңуз;
· Базардан же көчөдөн тамак-аш сатып алууда сапат сертификатын талап кылыңыз.
Ичеги-карын инфекциясынан сак болуңуз
· Азыктарды туура сактаңыз: тез бузулуучу азыктар муздаткычта +2°С – +8°С температурасында гана сакталуусу керек;
· Бышырылган жана чийки азыктарды өзүнчө кармаңыз;
· Өзүнчө бычак жана кесүүчү тактайларды колдонуңуз.
Сууга түшүүдө этият болуңуз
· Жуунуу – денени муздатуунун эң бир натыйжалуу жолу;
· Бирок уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөңүз;
• Спирт ичимдиктерин ичкен соң сууга түшүүгө болбойт.
• Өнөкөт оору менен жабыркагандарга өзгөчө көңүл бурулат.
• Аптапта жүрөк оорулары, гипертония, кант диабети, ашыкча салмак сыяктуу көйгөйлөрү бар адамдар өзгөчө этият болуусу керек.
· Дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу;
· Дайыма кан басымды жана кандагы кант деңгээлин көзөмөлдөө;
· Оор физикалык иштерден качуу;
· Дары-дармектерди жаныңызда алып жүрүү;
· Симптомдор пайда болгондо (баш айлануу, алсыздык, дем жетпей калуу) дароо көлөкө жерге өтүп, дарыгерге кайрылуу.
Жай мезгилинде күндүн аптаптуу ысыгынан сактануу – бул жөн гана ыңгайсыздыкты эмес, адам өмүрүн сактоо маселеси. Ден соолугуңузга кайдыгер болбоңуз: суусуз калбагыла, гигиенаны сактагыла, коопсуздукту унутпагыла жана өзгөчө топко кирген жарандарга кам көргүлө.