Аргынбек Малабаев: “Кыргызстан” партиясы кескин түрдө чоң реформаларды жасайт

Аргынбек Малабаев: “Кыргызстан” партиясы кескин түрдө чоң реформаларды жасайт


Быйыл, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанган “Кыргызстан” саясий партиясынын курамында саясий ишмерлерден тартып, экономиканын реалдуу секторунун көрүнүктүү өкүлдөрү бар. Алардын айрымдары өкмөттөгү эң жоопту кызматтарды, министрликтерди, облустарды жетектеп жүрүшкөн. Ушундай мыкты жетекчилердин бири “Кыргызстан” партиясынын катарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер  Аргынбек Малабаев менен маек курдук.

Саламатсызбы Аргынбек мырза, сиз парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер катары бара жатасыз. Бул партиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

“Кыргызстан” партиясы 2015-жылкы шайлоодо чоң жеңишке жеткен, артында 200 миңден ашык колдоочулары бар партия. Ошондой эле бул партия парламентке келген күндөн тартып, шайлоочуларга берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштеп келе жатат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин VI чакырылышы менен парламентке келген алты партиянын ичинен “Кыргызстан” партиясы гана өзүн туруктуу партия экенин көрсөтө алды. Ал эми башка партиялардын айрымдары чачырап жок болсо, айрымдарынын мүчөлөрү көчмөн болуп, улам бир партиялар менен биригип шайлоого бара жатат. Негизи талапкерлер убагында элге берген убадаларын унутуп, беш жылдан кийин башка партияларга кирип кете берсе, анда биз кимден жоопкерчиликти сурайбыз? Ошондуктан мен ишенем, быйылкы шайлоодо биздин “Кыргызстан” партия жеңишке жетип, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, жакшы иштерди алып барган, туруктуу жана таза партия болот.

Бүгүнкү күндө өлкөдө темир жол, жол куруу тармагында кандай маселелер бар? Деги эле азыркы учурда Транспорт министрлиги реформалоого муктажбы?

Бүгүнкү күндө кыргыз темир жолу, шаар, айыл аралык жол куруу тармагынын телегейи тегиз, жыргап кетти дегенден алысмын. Бир топ көйгөйлөр бар. Бул эле эмес, жарандык авиация, почта, байланыш, жүргүнчүлөрдү ташыган таксилер жана кичи автобустар боюнча да көптөн бери чечилбеген бир топ маселелер бар. Темир жолго жаңы техникаларды алыш керек жана башкаруу системасын өзгөртүүгө тийишпиз. Авиация кара тизмеден чыгыш керек. Өзүбүздүн самолётторубуз жок. Коопсуздук маселеси бар. Ошондой эле мен иштеп турганда Транспорт жана коммуникация министри эле, азыр Транспорт жана жол министри болуп калды. Бул министрликтин чачыранды болуп, жоопкерчилик жок болуп жатат. Эми баарын бир колго топтошубуз керек. Экинчиден кадр тандоодо чоң мүчүлүштүктөр болуп, эртеңки күнү министрликте чоң маселелерди жаратышы мүмкүн. Анткени, жалаң тааныш-билиш же сырттан бул тармакка тиешеси жок адамдарды кызматка орноштура берүү туура эмес. Ошондуктан бул тармакка иштин көзүн билген кадрларды кызматка дайындоо керек.

Бишкек жана Ош шаарларынын ички жолдору бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегендиктен, унаа тыгындары көп болууда. Мындан улам бул маселени түп тамырынан чечүү үчүн жаңы айланма жолдорду же метро куруу зарылбы? “Кыргызстан” партиясы жеңишке жетип, парламентке келген соң кандай программаларды жана мыйзамдарды сунуш кылат?

— Сөзсүз түрдө бул маселе боюнча өзүбүздүн сунуштарды киргизебиз. Азыр шаардын калкынын саны миллиондон ашып кетти деп айтылып жатат, бирок жаңы конуштарды кошкондо эки миллиондой бар. СССР учурунда шаардын калкы миллиондон ашып кетсе метро, трамвай куруу каралчу. Биз дагы инвестор тартып, метро курушубуз керек. Азыр тыгын көп ,жеңил машина менен жүргөнчө метро менен кетсең көп ишиң бат бүтмөк. Алматыда тыгын көп болуп, көпүрөлөрдү курушкан, азыр метро куруп башташты. Метро ыңгайлуу бизге, мэрияда бул боюнча айтылып келет, бирок конкреттүү план жок болуп жатат. Бишкек жана Ош шаарларындагы жол тыгындарын азайтып, экологиялык жактан абанын тазаланышы үчүн айланма жолдорду курушубуз зарыл. Шаар ичиндеги базарларды сыртка чыгарып, сырттан кирген унааларга чектөөлөрдү киргизишибиз керек. Мисалы, Бишкектин батыш-чыгышына жаңы автобекеттерди куруп, ал жакта жүрчүлөр үчүн шарттарды түзүп берүүбүз керек.  

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а 19-сентябрь, 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>