Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-ноябрда өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.
Уюмга РОрусияФедерациясы, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болуп саналат.