Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн сөгүш берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.
Буга чейин Новиков Чалдовар өткөрүү пунктуна барганда айрым кызматтардын, тактап айтканда Мамлекеттик салык кызматынын ишине нааразычылыгын билдирген.