Арыстагы жарылуудан кийин тургундардын ден соолугу начарлоодо

Арыстагы жарылуудан кийин тургундардын ден соолугу начарлоодо

2-октябрда Казакстандын Түркстан облусундагы Арыс шаарынын 30га жакын тургуну акимчилик алдына чогулуп, быйыл июнда аскер кампасындагы жарылуудан кийин балдарынын саламаттыгы начарлап кеткенин билдиришти.

Алар компенсация төлөп берүүнү талап кылып, зыянга учураган үйлөрдөгү оңдоо иштерине нааразылыктарын айтышты.

Үч баланын энеси Бану Кулжабаеванын айтымында, аскердик кампадагы жарылуудан кийин анын бир жарым жаштагы наристеси тынбай жөтөлүп, ичегилери ооруй баштаган:

«Жарылууга чейин баламдын ден соолугу жакшы болчу. Азыр дарыгерлер диагноз коё албай жатышат», — деди ал.

Арыстын дагы бир тургуну Айгүл Даулетова жарылуудан кийин балдарынын денесинде шишиктер пайда болуп, мурду канап жатканын билдирди.

Акимчилик имаратынын алдына чогулган шаардыктарга калаа башчысы Кадырбек Мурат чыгып, «аларга компенсация төлөнбөй турганын» айтып, оңдоо иштеринин сапатын текшерүү үчүн «эксперттик топ түзүлөрүн» билдирди.

Быйыл 24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. Анда төрт киши мерт болуп, жүздөгөн адам медициналык жардам сурап кайрылган. Калаа тургундары бир нече күнгө эвакуацияланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуудан турак жайлардын 85% жабыркап, 20дан ашык үй өрттөнүп кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>