Милициянын кайгуул кызматы жарылуучу зат алып жүргөн адам кармалганын кабарлады.
Милицияга 2-декабрда Бишкектеги “Асанбай” паркында белгисиз адамдар жарылуучу зат ыргытышканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери аталган сейил бактан жарылуунун ордун көрүшкөн.
Ыкчам – издөө иш аракеттеринин аркасында шектүү катары 31 жаштагы А.Н. аттуу адам кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөөнү улантуу үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
[su_image_carousel source=»media: 50738,50734,50735″ crop=»none» autoplay=»4″]