Site icon Reporter.kg

 Ашимбаев: Казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр

Казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Казакстанстандын сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен жолугушканда билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылдын май айында Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алынган маанилүү чечимдерге көңүл бурду.

Тагыраагы, биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексинин курулушуна капсула салынганын эске салып: «Бул долбоорду ишке ашыруу инвестициялык базанын өсүшүнө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштын калыптанышына жакшы өбөлгө түзөт деп ишенем», — деген Маулен Ашимбаев казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр экендигин маалымдады”- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшкан болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Камбар-Ата-1 ГЭСин үч өлкө биргелешип курат

 

Exit mobile version