Жалал-Абад облусундагы автожолдордун ашуулар аркылуу өткөн бөлүктөрүндө кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 13-январдан 16-январга чейин аба ырайы бузулуп, жаан-чачын жаашы күтүлүүдө. Анда Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка-Акташ унаа жолдорунда ошондой эле Бишкек — Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жолдо сак болуу менен биргеликте унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертишет.