Аскердик бөлүктө 26,3 млн сомдук мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Аскердик бөлүктө 26,3 млн сомдук мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ири өлчөмдөгү мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер кызматкерлеринин эмгек акысына жана башка төлөмдөргө арналган 23 миллион сом расмий документтерге туура эмес маалыматтарды киргизүү жолу менен ыйгарып алынган.

Ошондой эле, автотранспорт каражаттарына тетиктерди жеткирүүгө багытталган 3,3 миллион сом өлчөмүндөгү каражат дагы мыйзамсыз ыйгарылганы белгилүү болду.

Аталган суммалар аскердик кызматка тиешеси жок адамдардын банк эсептерине которулган. Мамлекетке жалпысынан 26,3 миллион сом зыян келтирилгени тастыкталган.

Аталган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-бер. 2-б (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-бер. 1-б. (кызматтык жасалмачылык) жана 210-бер. 4-б. 1-2-п (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иштерин козгоду.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>