Аскердик техника алуу үчүн элден салык чогултуу сунушталды — видео

Аскердик техника алуу үчүн элден салык чогултуу сунушталды — видео

Бүгүн, 3-октябрда параламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны депутат Шайлообек Атазов аскердик техника сатып алуу үчүн Кыргызстанда «аскер салыгын» киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, аталган салыкты 5 жылга киргизүүгө болот.

«Иштеп жаткан ар бир 18 жаштан улуу жаран ай сайын айлыгынан аскердик техника сатып алуу үчүн 200 сомдон  төлөп турса, бир миллион адам иштесе, ай сайын 200 млн сомдон түшүп турат экен. Муну беш жыл киргизип турсак болот. Ал аскерлердин кийим-кече, тамак-ашына эмес, бир гана аскердик курал алууга жумшалат. Буга кыргыздын ар бир патриоту макул болот деп ойлойм», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда «аскер салыгын» киргизүү демилгеси 14-17-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу агрессиясынан кийин айрым жарандар тарабынан айтыла баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>