Site icon Reporter.kg

Аскерге бар: Москвадагы эки кыргыз жигит элге кайрылды — видео

Москвада (Россия) документ текшерип жатып сөгүнүп, «бул жакка уурдаганы келдиңби? аскерге бар» деп оройлонгон жол кайгуул кызматкерлерин видеого тартып калган кыргызстандык жарандарбыз деген эки жигит элге кайрылып, окуя тууралуу айтып берди.

Алардын айтымында, окуя 26-сентябрда түнкү саат он экилерге жакын болгон.

«Бизди жол кайгуул кызматкерлери Дмитров шоссеси 55те токтотуп, документтерибизди текшерди. «Бул жакка эмнеге келдиңер», — деп сурады. Биз «иштегени келдик», — деп жооп берсек, «жок, силер уурдаганы келгенсиңер», — деп кайра-кайра айтты», — деди бири.

Андан кийин сөздү экинчи жигит улантып, буларды айтты:

«Алар «силер уурдаганы келгенсиңер, эгер иштегени келген болсоңор, аскерге баргыла, эмнеге барбайсыңар?», — деди. Ошол жерден биз видеого тарта баштадык. Бизди сөгүп жатканын видеого тартып алдык. Андан кийин бизди кое берип, биз кеткенбиз», — деди ал.

Алардын айтымында, мындай окуялар кайталанбашы үчүн видеону социалдык тармактарга чыгарууну чечишкен. Тасма тарагандан кийин «Кыргызстандын жарандарын аскерге алып кетип жатыптыр» деген сөз чыгып кеткен. Алар билдиргендей, ал туура эмес маалымат.

«Бизди эч ким эч жакка алып кеткен жок. Биз Москвада жүрөбүз. «Мигранттарды аскерге алып кетип жатат» деген маалымат туура эмес. Ага ишенбеңиздер. Эч ким алып кеткен жок. Россияда мигранттарды согушка алып кетүү тууралуу мыйзам чыккан жок. Россиянын жарандыгы барларды гана мобилизация кылып жатат», — деди экинчи жигит.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарга видео чыгып, анда жол кайгуул кызматкери мигранттардын документтерин текшерип жатып, «бул жакка эмнеге келдиңер, уурдаганы келдиңерби?» деп оройлонуп, «иштегени келсеңер, аскер комиссариатына барып, коргогула» (Россия Украинага кол салып, согуш болуп жаткандыктан, Россияда мобилизация жүрүүдө – ред.) деп сүйлөнүп, сөгүнгөн.

Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, окуянын чоо-жайы тактоо жана андагы адамдардын өздүгү аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Видеодогу адамдар Кыргызстандын жарандары экени тастыкталса, элчилик алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөрүн белгилеген.

21-сентябрда Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация болорун жарыялаган. Бул өнөктүктүн алкагында запастагы 300 миң киши чакырылары айтылган. Ошол эле учурда айрым басылмалар өздүк булагына таянып, аскерге чакырыла тургандардын саны 1 млн кишини түзүшү мүмкүн экенин жазган.

20-сентябрда Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу күчтөрүндө бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын женилдетилген тартипте берүүнү караштырган мыйзамды кабыл алган. Ага байланыштуу Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттардын Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, аскерге барышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирген.

Россияда кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги билдирүү жасап, Кыргызстандын жарандарын кайсы бир согушка катышпоону, ал үчүн катуу жаза каралганын эскерткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version