Аскерге чакыртылган жаш жоокерлер аскердик бөлүктөргө баргандан кийин 14 күн карантинге алынат. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, учурда аскер комиссариаттар коронавируска каршы санитардык-гигиеналык талаптарды сактап, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
“Аскерге чакыртылгандар медициналык бет кап жана антисептиктер менен камсыз болушту. Ар бир чакыртылган бала коронавируска каршы анализ тапшырат”, — деп айылат маалыматта.
Коргоо иштери боюнча комитеттен кошумчалагандай, жаш жоокерлердин ант берүү аземи алардын ата-энеси жана жакындарынын катышуусуз өтөт.
Белгилей кетсек, март айынын соңунда коронавирус пандемиясына байланыштуу жазгы аскерге чакыруу убактылуу токтотулган болчу.
11-майда Президент кол койгон жырлыктын негизинде, жазгы аскерге чакыруу жана аскер кызматчыларын запаска бошотуу өнөктүгү кайра жанданган.
[su_image_carousel source=»media: 28383,28382,28381,28380,28379″ crop=»none» autoplay=»4″]