Эми «Asman Airlines» авиабилеттерин ортомчусуз asmanairlines.kg мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдирди.
Тиркеме App Store жана Google Play платформаларында жеткиликтүү.
Тиркеме аркылуу жарандар:
- Учуу багытын, датасын жана жүргүнчүлөрдүн санын оңой тандай алат;
- Жүктү алдын ала кошо алат;
- Билеттерди банктык карта аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу төлөй алат;
- Билеттерди өз баасында жана кошумча төлөмдөрсүз түздөн-түз сатып алат.