«Asman Airlines» билеттерин мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

«Asman Airlines» билеттерин мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Эми «Asman Airlines» авиабилеттерин ортомчусуз  asmanairlines.kg мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдирди.

Тиркеме App Store жана Google Play платформаларында жеткиликтүү.

Тиркеме аркылуу жарандар:

  • Учуу багытын, датасын жана жүргүнчүлөрдүн санын оңой тандай алат;
  • Жүктү алдын ала кошо алат;
  • Билеттерди банктык карта аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу төлөй алат;
  • Билеттерди өз баасында жана кошумча төлөмдөрсүз түздөн-түз сатып алат.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>